Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Чыңгыз Макешов ант берди. Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев жаңы депутаттын ишине ийгиликтерди каалады.
Макешов КСДП фракциясынан депутат болду. Ал Нодирбек Каримовдун ордуна келди. Нодирбек Каримов башка кызматка кеткенине байланыштуу мандатын тапшырган.
22-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Чыңгыз Макешовго депутаттык мандат тапшырган.