Биз социалдык тармакта

Эл өкүлү Нурдинов: "Депутаттар элге жардам бербей, каникулга чыгып кетти деген сөзгө калбайлы"

"Депутаттар элге жардам бербей, каникулга чыгып кетти деген сөзгө калбайлы", - деп бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов билдирди.

"Мен көтөрүп жаткан маселе белгисиз бойдон калды. Республикалык штабдын маалыматын угууну дагы бир жолу сунуштайм. Бүгүн 1 миң 965 адамдан коронавирус илдети аныкталыптыр. Элдин баары ооруп жатышат. Депутаттар элге жардам бербей, каникулга чыгып кетти деген сөзгө калбайлы. Республикалык штабдын маалыматын угуп коёлу. Эл эмне иш болуп жатканын уксун. Мынча акчаны жеп кетишти деген сөз болот. Ушул маселени унутта калтырып жатасыз", - деп депутат вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевге кайрылды.

Сыдыгалиев бул маселе бүгүн күн тартипке киргизилгенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
RNA78
2021-06-30 11:04:54
Силер шайлоодо эле козу карындай жайнап чыгып, жардам беребиз деп каласыңар. Башка убакта, пайдадан зыяныңар көп.
+2
Dembele84
2021-06-30 11:34:27
Былтыр да эшек жайлоого кеткенсинер.
+2
Kuban-1207
2021-06-30 12:55:09
Чимкириктердин кереги жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан