Жалал-Абадда 6 жаран "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартты

Жалал-Абад облусунда 6 жаран "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБинин жана Сузак РИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Сузак районунун 6 тургуну "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартты. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендигин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришкен.

Облус аймагында жыл башынан бери 10 адам каттоодон чыгарылган. Ошондой эле 6 айда мектеп окуучуларына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 381 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда облус аймагында 551 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 491 адам "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан