Ушул жылдын акыркы 5 айында Ысык-Көл облусунда 144 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 30 адам каза болуп, 279 адам жаракат алышкан. Мас айдоочулардын кесепетинен 7 жол кырсыгы катталган.
Ысык-Көл ОИИБи билдиргендей мас абалында унаа айдоо - жол эрежесин одоно бузгандык болуп эсептелинет.
"Мас абалында унаа башкаруу – бул орчундуу көйгөй, аны жоюуда ар бирибиз өз салымыбызды кошуубуз абзел. Ошол себептен жол коопсуздугунун кызматкерлери, мас абалында унаа айдагандардын күбөсү болуп калган жарандарды токтоосуз Ысык-Көл ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү боюнча 0704 07 11 50 номерине кабарлоого чакырат", - деп жазылат маалыматта.