ИИМ күкүрт кислотасынын ири өлчөмдөгү партиясын сатуу менен алектенген кылмыштуу топту кармады

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан күкүрт кислотасынын ири өлчөмдөгү партиясын сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунан күкүрт кислотасын сатуу учурда 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жарандан мыйзамсыз жүгүртүүсүнөн 1 тонна 833 килограммды түзгөн күкүрт кислотасы алынган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан