"Башкы прокуратура "монстр" болуп кетти", - деп бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Башкы прокуратура мыйзамды жазып, сунуштайт. Тергөө жана башка ыйгарым укуктары пайда болуп калды. Адам укуктары сакталбай калды. Сиздин убагыңызда эле канча кишини УКМКга тыгып, күрөөнү төлөгөнчө чыккан жок. Кайсы мамлекетте жашап калдык? Бул мыйзам долбоору адам укуктарын сактабайт го", - деп ал башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.
Зулушев: "Сиз таң калбаңыз, биз Кыргыз мамлекетинде жашап жатабыз. Азыркы колдонулуп жаткан Кодексте канча кемчиликтер болуп жатканын көрүп жатасыз. Прокуратурада бул укуктар мурда эле болгон", - дейт.