Биз социалдык тармакта

КСДП БШКнын мүчөлүгүнө Узарбек Жылкыбаевдин талапкерлигин колдоду

КСДП фракциясы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Узарбек Жылкыбаевдин талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын кезексиз жыйыны ѳтүп, анда фракциянын атынан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчѳлүгүнѳ талапкерлер кѳрсѳтүлдү. БШК мүчѳлүгүнѳ Узарбек Жылкыбаевдин, Абдыкадыр Султанбаевдин жана Марат Матазимовдун талапкерликтери кѳрсѳтүлдү. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттардын бир добуштан колдоосу менен Узарбек Жылкыбаевдин талапкерлиги жактырылды.

Узарбек Жылкыбаев КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Андан кийин өкмѳттүн Ысык-Кѳл жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurmat8921
2021-06-30 16:27:33
Бийликти реформа кылган менен. Кадрларды реформа кылбаса бир тыйын экен. Эски эле саясат кетип жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан