
Ташкенттен Ысык-Көлгө аба каттамы ачылууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 11-июлда Ташкенттен алгачкы каттамды тосуп алат. "Узбекистон хаво йуллари" авиакомпаниясы Ташкент-Тамчы-Ташкент маршруту боюнча каттамды аптасына бир ирет - жекшемби күндөрү жүргүзөт.
Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөт.