"Автобустардын көрүстөнү" деген сөз бир уккан кулакка өөн учураса керек. Ооба, бирок бул жай чын эле "автобустардын көрүстөнү" деп аталып, Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын карамагына карайт.
Аталган автопаркта металлдан башка эч нерсеге жарабай калган 150гө чукул Кытайдын автобустары турат. SUPER.KG порталы бул ирет бул жайга барып, видео жана фоторепортаж жасап келди.
Өз кезегинде Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын техникалык бөлүм башчысы Нурлан Асанов аталган автобустар 2008-жылы алып келингенин жана азыр металлдан башка эч нерсеге жарабай калгандыгын айтты.