Депутат Дастан Бекешев жаңы кодекстерди сунуштоого мораторий жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Башка өлкөлөр дагы биздин укуктук талаага көз салып турат. 2 жылда мыйзамдарды жокко чыгарабыз. Жарандарыбыз мыйзамдарды окубай калды. Кайсы берене экенин билбейт. Мен юридикалык факультетте окуп жүргөндө кайсы берене эмне экенин билчүмүн. Азыр айта албайм, себеби дайыма алмаштырылып турат. Жаңы кодекстерди сунуштоого мораторий жарыялоону сунуштайм", - деди ал.