Бишкекте жөө адамды сүзүп, качып кетүүгө шектелип 21 жаштагы айдоочу кармалды

Бишкек шаарында жөө адамды сүзүп, качып кетүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 15-июнда болжол менен саат 18:00 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен 7-Апрель көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, Исакеев көчөсүнүн кесилишинен жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

"Натыйжада 33 жаштагы С.О. аттуу жаран жаракат алып, ооруканага кайрылган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 29-июнь күнү Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын 21 жаштагы айдоочусу шектүү катары кармалган. Ал Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына жеткирилип, унаасы убактылуу токтотуучу жайга токтотулган", - дешти кайгуул кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан