Буга чейин Таласта 16 жаштагы кызды өгөй атасы зоруктоого шектелип ал милиция тарабынан изделип жатканы кабарланган. Бул кабар Кара-Буура РИИБине 22-июнда келип түшкөн.
Шектүү бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Кылмышка шектүүнүн жүргөн жерин тактоо боюнча багыттамалар берилип, аны издеп табуу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан атайын издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
22-июнь күнү саат 20:48 чамасында Кара-Буура РИИБинин 102 кызматына Чымгент айылынын 35 жаштагы тургуну чалып, 2005-жылы туулган кызын 50 жаштагы өгөй атасы күч колдонуп зордуктап жүрүп боюнда болуп калганын билдирген.
Тергөө тобу окуя болгон жерге барганда өгөй атасы качып кеткени аныкталган. Текшерүү учурунда жабырлануучунун апасы кызынын зордукталганын уккандан кийин ошол замат милиция бөлүмүнө барбай, милицияга 2-3 күн өткөндөн кийин кайрылганы белгилүү болгон. Зордукталган кыздын апасы шектүү менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, убакыт өтүп кеткендигин айткан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси "зордуктоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.