Абибилла Пазыловдун чыгармалар жыйнагы орус тилинде жарык көрдү
Бишкектеги "Турар" басмасынан кыргыз жазуучусу Абибилла Пазыловдун жыйнагы орус тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын басма сөз кызматы маалымдады. Жыйнакка автордун эки чыгармасы кирди:
орус тилинде жазылган
"Газетчик Дзюйо" жана кыргыз тилинен орус тилине которулган "Однажды в Бишкеке" аттуу аңгеме-пьесасы. Китепке автордун ар кайсы жылдардагы басма сөз жана электрондук басылмаларга чыккан көркөм-адабий этюддары да кирген. Жыйнак 1000 нускада жарык көрдү.