13 жашар баланы тепсеп, качып кеткен айдоочу кармалды

Ош облусунун Алай районунда тергөө органы машина менен мектептин 7-классынын окуучусун тепсеп кеткен факты боюнча кылмыш ишин териштирип, изилдеп жатат. Бул тууралуу КРнын ИИМинин басма сөз кызматы билдирет. Аталган басма сөздүн билдиргени боюнча, 23-октябрда болжол менен саат 17:30дарда Honda Stepwgn автомашинасынын айдоочусу айылдын көчөсү менен бара жатып тосмону бузуп, үйдүн короосуна кирип кетип, 13 жаштагы  Самат уулу Уланды тепсеп, үймөк чөптү сүзүп токтогон. Бала алган жаракаттарынын айынан ошол жерден көз жумган. Маалыматка таянсак, бала айылда чоң атасы менен жашап жүргөн жана кырсык болгон учурда тезек жыйноо менен алектенип жаткан. Айдоочу машинасынан түшө качып, из жашырып кеткен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, оперативдүү издөө иш-чарасынын жыйынтыгында милициядан качып, бекинип жүргөн айдоочу Оштон кармалган.

Кармалган айдоочунун өздүгү такталып, ал Алай районунда туулуп-өскөн, Чүй облусунда жашап жаткан, 1970-жылы туулган М.О. болуп чыкты.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aykyz
2013-10-28 16:30:16
Каап байкуш бала ай. Эмне деген щумдуктар болуп жатат ыя.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан