Бишкек, Чүй аймактарында ок атуучу жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сатканга шектүү кармалды

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ок атуучу куралдарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"Коркунуч туудурган мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу максатында, укук коргоо органдары тарабынан атайын ыкчам иш-чаралар өткөрүлгөн. Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө Д.А. аттуу жаран АКС-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды 30 даана огу менен мыйзамсыз сатуу учурунда кармалды.
Кармалган жарандын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда, анын гаражынан жарылуучу заттар жана жардыруучу түзүлүштөр табылып алынган. Алынган каражаттар: 5 даана тротил шашкасы (ТП-400, ТП-200), детонациялык шнур, кол гранатынын бир нече запаздары, үч даана Ф-1 жана РГД-5 күжүрмөн гранатасы, ок атуучу куралдын октору, 2 даана күйүүчү түтүктөр. Табылып алынган жарылуучу заттар менен жардыргыч түзүлүштөр экспертизага жөнөтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча учурда сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mr.altynbek
2021-06-30 22:00:37
Курал сактаган адам армия корбогонго куралды акыбалына караганда. Колго тушуп жакшы болуптур
0
Nursul
2021-06-30 22:54:23
Буга чейин жерге көмүлүп жүргөн курал окшойт өңү бузулуп калыптыр. Без документ курал колдонгондордун 99% жерге бекитишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан