Азия өнүктүрүү банкы коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө 2 жарым миллион даанадан ашуун жеке коргонуу шаймандарын жеткирди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Материалдарды сатып алуу жана жеткирүү үчүн ресурстар өткөн жылы бекитилген коронавирус пандемиясына каршы ыкчам жардам долбоорунун гранттык компонентинен берилген.
Жеткирилген шаймандарга төмөнкүлөр кирет:
• Медициналык бет каптар (FFP2) - 300 миң даана;
• Бир жолу колдонулуучу коргоочу комбинезон - 300 миң даана;
• Нитрилдүү бир жолу колдонулуучу кол кап - 1 миллион 200 миң даана;
• Жеке коргонуу каражаттарынын топтому (медициналык халат, топу, IIR тибиндеги хирургиялык бир жолу колдонулуучу маскалар, коргоочу бахилалар) - 120 миң даана;
• Бахилалар - 600 миң даана;
• Коргоочу көз айнектер - 5 миң даана;
Бул жеке коргонуу шаймандары Саламаттыкты сактоо министрлигинин муктаждыктарына ылайык сатып алынып, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 81 ооруканага бөлүштүрүлдү.
"Медициналык каражаттардын ийгиликтүү жеткирилгендиги жана өлкөнүн ооруканаларына таратылгандыгы бизди кубандырат. Бул материалдар азыркы оор мезгилде баштапкы медициналык жардамдын кызматкерлерин коргоо үчүн өтө маанилүү. Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасына пандемиядан арылууга жана андан кийин туруктуу калыбына келүүгө жардам берүүгө даяр", - деди банктын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Канокпан Лао-Арайа.
Медициналык жабдуулардан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы 20 миллион доллар каржылоо пакетин КОВИД-19 дарылоо борборуна айланган ооруканалардын шарттарын жакшыртууга жардам берет. Бул ооруканаларга кошумча реанимациялык керебеттер, "Тез жардам" унаалары жана башка медициналык шаймандар берилет.
Өткөн жылы май айында аталган банк 50 миллион долларлык насыя жана гранттык пакетин бекиткен.