Министрлер кабинети чиновниктер үчүн бир катар чектөө чараларын киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын мамлекеттик органдарга жолдогон расмий катында айтылат. Анда чектөөлөр коронавирустук инфекцияга байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдын андан ары начарлашына жол бербөө максатында киргизилгени белгиленет.
Социалдык тармакка тараган токтомдо төмөндөгүлөр жазылган:
1. Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине кызматкерлердин кеминде 50 пайызын аралыктан иштөөгө, анын ичинде 60 жаштан жогорку кызматкерлерге, өнөкөт оорулары бар адамдарга жана кош бойлуу аялдарга которууну сунуштоо;
2. Ишканаларда жана ведомстволордо эпидемияга каршы режимдин сакталышына катуу көзөмөл киргизилип, дезинфекциялык иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн;
3. Министрликтер менен ведомстволордун жетекчилигине келген конокторго жана кызматкерлерге чектөө киргизип, бардык жолугушууларды онлайн режиминде өткөрүү;
4. Эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин бардык кызматкерлерге массалык маданий иш-чараларга, коомдук тамактануу жайларына, кафелерге, ресторандарга, көңүл ачуу борборлоруна, базарларга, ири соода борборлоруна, кинотеатрларга, музейлерге барбоону сунуштоо;
5. Министрликтердин жана ведомстволордун бардык кызматкерлери тез арада COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүшү керек.