Окумуштуулар арыктоону каалагандар үчүн жаакты кичирейтүүчү шайман ойлоп табышты

Окумуштуулар арыктоону каалагандар үчүн жаакты ичкертүүчү шайман ойлоп табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Улуу Британиянын окумуштуулары Жаңы Зеландиядагы Отаго университети менен биргеликте арыктоону каалагандар үчүн адамдын жаагын кичирейтип турган жаңы шайман ойлоп табышты. Кичинекей металл шайман жогорку жана төмөнкү тиштерге атайын болттордун жардамы менен орнотулат. Аппараттын жогорку жана төмөнкү бөлүктөрүнө күчтүү магниттер кирет, алар жаактын эки миллиметрден ашык ачылышына жол бербейт, суюк тамактар менен чектейт.
Аппаратты сыноого катышкандар эки аптанын ичинде 7 килограммга чейин салмак ташташкан. DentalSlim деп аталган шайман ортодонтиялык цементтин жардамы менен биринчи азуу тиштерге киргизилет. Ал дем алууга жана сүйлөөгө тоскоол болбойт, бирок адамдын мүнөздөп тамактануусун (диета) бузбай кармашына шарт түзөт.
Жыйынтыгында British Dental Journal журналына жарыяланган изилдөөгө жети ыктыярчы катышкан. Алар шайманды эки апта кийишкен.
Аталган шайман 1980-жылдары арыктоо ыкмасын алмаштыруу үчүн ойлоп табылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан