Биз социалдык тармакта

Депутат Улан Примов өлкө аймагында калкты эмдөө иштери жүрбөй жатканын айтты

Депутат Улан Примов өлкө аймагында калкты эмдөө иштери жүрбөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Калкты эмдөө иштери таптакыр болбой калган. Быйыл өлүм-житим көбөйүп барат, бирок жоопкерчиликти алган кызмат адамы жок", - дейт ал.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык оперативдүү штабдын маалыматын укту.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан