Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинети тарабынан демилгеленген “Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзам долбоору жол кыймылынын айрым эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ага ылайык, айып пулдарды төмөндөтүү сунушталууда:
"Эгерде айып пул салуу жөнүндө буйрук түшкөн күндөн тартып 15 күндүн ичинде төлөнсө, айып пулдун өлчөмү 70 пайызга кыскарат. Башкача айтканда, айып пулдун өлчөмү 1000 сомдун ордуна 300 сомду түзөт. Бюджеттен 450 миллион сом түшүп калат, долбоорду тейлеген орусиялык "Вега" компаниясы чыгым тартпайт”, - деди Нурбек Абдиев.