Гаитиде атышуудан 15 адам каза болду

Гаитиде атышуунун натыйжасында кеминде 15 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, полиция кол салуунун максаты болжол менен окуядан бир нече саат мурун өлтүрүлгөн полиция кызматкери үчүн өч алуу болушу мүмкүн деген.

"Полиция кызматкеринин өлтүрүлүшүнө жооп кылып, анын өнөктөштөрү бүгүн эртең менен ок чыгара башташты, натыйжада 15 жаран каза болду", - деген Улуттук полициянын башчысы Леон Чарльз маалымат жыйынында.

Басылмалардын маалыматына ылайык, Гаитидеги зомбулуктун деңгээли быйыл кескин жогорулаган. Атаандаш топтордун ортосунда дайыма ок атышуулар болуп, борбор шаар Порт-о-Пренстин жакыр жашаган кварталдарынын көптөгөн тургундары үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан