Кыргыз өлкөсүнүн жарандары үчүн Өзбекстандын жогорку окуу жайларынан билим алуу үчүн 100 квота орун бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, квота бөлүп берүү боюнча келишим президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында түзүлгөн.
Абитуриенттер каалаган адистигин жана Өзбекстандын мамлекеттик жогорку окуу жайын өз алдынча тандай алышат. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасында 15-июлга чейин каттоодон өтүшү керек.