Бүгүн, 1-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча соттук отурум уланууда.
Соттук отурум башталганда айыпталуучулардын биринин жактоочусу коронавирус илдети менен ооруп калгандыгына байланыштуу кийинки отурум 13-июлга жылдырылды.
Сотто 5 айыпталуучунун иши каралууда. Алар Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов, Орузбек Нурумбетов.
Булар Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевге жардам беришкен.
Сотко Айзада Канатбекованын апасы жана жакындары келишти.