Биз социалдык тармакта

Түркиянын коргоо министри Кыргыз өлкөсүндөгү иш сапарынан кийин Тажикстанга барды

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Кыргыз өлкөсүндөгү иш сапарынан соң Тажикстанга барды. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Хулуси Акар Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугуп, эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын талкуулаган.

Анда түрк министри Тажикстан Түркиянын Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөшү экендигин белгилеп, эки өлкөнү тарыхый, маданий жана диний мамилелери байланыштырып тургандыгын эске салган.

Акар ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана террорчулукка каршы күрөшүү тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр экендигин билдирген.

Хулуси Акар Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен 29-30-июнда келген. Анда коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, президент Садыр Жапаров менен жолугуп, аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук багытындагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TIMON_BERKOWITZ
2021-07-01 11:45:28
Кандай тушунсо болот муну?!
Ишенгенибиз Турк болсо..
+2
Real98
2021-07-01 12:25:54
Өзүбүзгө өзүбүз ишенели,120 койду териштирсек эле,тышкы карыз төлөнөт. Саналуу олигархтар, мультимиллионерлер бар аларды териштирсек,3 досту өзүнчө териштирсек 10 млрд доллар акча чыгат жөн эле...
0
Real98
2021-07-01 12:27:18
Военный техника сатып алалы, маанилүү завод фабрика салалы.
0
Jaraisyn
2021-07-01 12:31:32
Сен эмнеге башкага ишенесиң, өзүңө ишен. Түрктөр азияда бир эле кыргыз өлкөсү менен туруп калбайт да, каалаганы менен мамиле түзө берет. Кыргыз деле бирөөгө муктаждыгы жок, бирөөнүн коргоп, калкалашына муктаж эмес. Өзүбүзгө ишенели туугандар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан