Чүйдө түн ичинде айдоочуга кол салганга шектүү кармалды. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон

Чүйдүн Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Беш-Күңгөй айылында каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде дароо Аламүдүн РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан.

Ал жерден 1988-жылы туулган О.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 30-июнга караган түнү болжол менен саат 01:30 чамаларында белгисиз бирөө анын унаасына отуруп, Беш-Күңгөй айылына жеткирип коюусун суранган. Жолдо баратканда тапанча менен жабырлануучуну коркутуп, бир нече жолу бет тарабына уруп, телефонун тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1999-жылы туулган С.Д. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги такталган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан