Сот Бритни Спирстин атасын камкорчу макамынан ажыратуу өтүнүчүн четке какты

Сот америкалык популярдуу ырчы Бритни Спирстин атасы Жеймс Спирсти камкорчу макамынан ажыратуу өтүнүчүн четке кагууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Жеймс Спирстин камкорчу макамын токтотуу өтүнүчү четке кагылды" деп айтылат соттун документтеринде.

Соттун чечимине ылайык, Бритни Спирс дагы деле болсо өзүнүн каржы булактарын натыйжалуу башкара албай жана ашыкча таасирлерге туруштук бере албай жатат.

Бритни Спирс - эң популярдуу ырчылардын бири. 1999-2000-жылдары алгачкы эки пластинкасын чыгаргандан кийин, шоу-бизнес дүйнөсүндөгү эң бай аялдардын арасында 12-орунду ээлеген.

Ичкилик жана баңгизатын колдонуп келген ырчынын психикалык саламаттыгы 2007-жылы жолдошу Кевин Федерлайн менен ажырашкандан кийин солгундаган. Спирс менен Федерлайн 2004-жылдын октябрь айынан 2007-жылдын июль айына чейин бирге түтүн булатышкан жана эки уулдуу болушкан.

Буга чейин Бритни АКШ сотун атасы Жеймс Спирстин ага карата камкордугун токтотууну суранып, көптөгөн психиатриялык экспертизалардан өтүп, дарылануудан өткөнүн жана атасы аны өзүнүн көзөмөлү менен жабыркатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан