Биз социалдык тармакта

Бүгүн таңда Кыргыз-Казак чек арасында жер титирөө катталды

Бүгүн, 1-июль күнү таңкы саат 06:03тө Ысык-Көл облусунда Кыргыз-Казак чек арасына жакын жерде очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

"Жер титирөөнүн очогу Кыргыз-Казак чек арасында, Көк-Дөбө айылынан 18 чакырым түндүк-чыгышта, Кароол-Дөбө айылынан 20 чакырым түндүк-батышта, Ананьево айылынан 21 чакырым түндүк тарапта байкалган. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Көк-Дөбө, Кароол-Дөбө жана Ананьево айылдарында 3 баллга чейин сезилди", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан