Орусиянын "Спартак" футболдук клубу "Барселона" менен келишими аяктаган атактуу футболчу Лионель Мессини москвалык командага өтүүгө чакырды. Чакырууну "Спартак" клубу социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган.
"Алдыга кадам таштоого убакыт келди. Кеттик” деп жазып, Мессинин FIFA 21'деги скриншотун тиркеди клуб.
Бүгүн, 1-июлда Мессинин "Барселона" клубу менен келишими аяктады. Тараптар азырынча жаңы келишим боюнча расмий жарыялай элек.
34 жаштагы аргентиналык футболчу өзүнүн карьерасынын бардыгын каталониялык клубда өткөргөн. "Барселона" менен Месси төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.