Ушул жылдын 4-март күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында адамдардын массалык уулануусу тууралуу маалым болгон. 6 адамдын өмүрүн алган уулануу боюнча иш тергелип бүтүп, сотко өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2021-жылдын 2-март күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын 1956-жылы туулган Э.Б. аттуу тургуну буюртма берип, өзүнүн жакын туугандарына 23-февраль жана 8-мартка карата майрамдык кече өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Кечеге Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынан турган 15 чакты адам чакырган. Чакырылган жерге 19 адам барган. Ал жерде туугандар өз ара майрамдап отурушкан. Отурган жеринде тамак тартылган жана спирт ичимдиктери ичилген. Отуруштан болжол менен саат 16:30да тарап кетишкен.
Эртеси, 3-март күнү кечинде болжол менен саат 23:00 чамасында отурушка баргандардын алтоо Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө жакын туугандары тарабынан жеткирилген жана ал жерден алдын ала биринчи жардам көрсөтүлүп, абалдары оор болгондуктан, Аксы аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн.
Алардын үчөө жолдо, үчөө ооруканага келген соң каза болушкан.
SUPER.KG порталы жакындарын жоготкон тарапты, кечени уюштурган делген аялды жана тиешелүү мекемелерди угуп, репортаж даярдаган.