Чүйдүн Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М.М. мурда Сокулук айыл аймагынын башчысынын орун басары болуп иштеп турган убагында кызматтык жасалмалуулук фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
"Аталган кызматкер банктардын биринен ири өлчөмдө насыя алуу үчүн Р.А. аттуу жаранга жасалма күбөлүк берген, бирок каттоо журналында А.Д. аттуу башка жаранга берилди деп катталып, Р.А. аттуу жарандын 770 баш чочкосу, 100 баш ую, 22 баш бука жана 200 баш майда бодо малы бар экендиги жөнүндө жалган маалыматтар маалымдамага жазылгандыгы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.
Жогорудагы көрсөтүлгөн материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинин 1-бөлүмү ("кызматтык жасалмачылык") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.