Бүгүн, 1-июлда "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 8 жылдан бери биринчи ирет Жалал-Абаддан барган учакты кабыл алды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Тeз жет” авиакомпаниясы 91 жүргүнчү, анын ичинен 13 жаш баланы Жалал-Абад - Тамчы каттамында RG 85 учагы менен жеткирди. Кайра кайтууда Тамчы - Жалал-Абад каттамы менен 11 адам учту", - деп жазылат билдирүүдө.
Компания бул каттамды аптасына эки жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.