Ошто өз ара пикир келишпестиктен 55 жаштагы жаран айылдашынын колунан каза тапты

Ош шаарында 55 жаштагы кишинин өлүмүнө тиешеси бар делип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июлга караган түнү саат 01:00дө Ош шаардык "Тез жардам" кызматынан Ош ШИИБине маалымат келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну 1966-жылы туулган С.У. аттуу жарандын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат берилген.

Окуя болгон жерге Ош ШИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда башынын оң жагында жаракаты бар экендиги аныкталган. Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Аталган окуя боюнча кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 1990-жылы туулган тургуну Ф.у.И. кармалган.

Ал өз көрсөтмөсүндө 30-июнь күнү саат 23:30да спирт ичимдигин ичип, үйүнөн Дэу матиз үлгүсүндөгү айылдашынын унаасы менен соода түйүндөрүнүн жанына келген. Ошол жерде маркум экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, колу менен уруп жиберген. Соода дүкөндөрдүн сатуучулары да күбө катары суралып, алар маркумду шектүү урганын тастыкташкан.

Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп, шектүү Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан