Орусиянын эстрада ырчысы Стас Барецкий Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылып, жасалма комада жаткан ырчы МакSимди акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштурууга жардам берүүнү сунуш кылды. Маалыматты аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.
Андагы маалыматта айтылгандай, Барецкий МакSимдин ырларын сүйүп угарын айтып, аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын Москвадагы мыкты көрүстөндөрдүн биринде бекер уюштурууга даяр экендигин билдирген.
"Мен анын ишине чын жүрөктөн суктанам жана анын учурдагы абалына таң калдым. Аны менен бир топ кечелерде жолугушуп, тамашалашып сүйлөшүп калчумун. Бирок каза болгондон кийин эмне кылышты билбей туруп калбаш үчүн мындай нерселер жөнүндө алдын ала ойлонуш керек. Айрыкча көрүстөндөн жакшы жер табууга келгенде. Жанна Фрискедей болбош үчүн баары менен сүйлөшүү туура деп эсептейм", - деген Барецкий.
Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган.