реклама
super.kg logo

Жасалма комада жаткан ырчы МакSимди акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүү сунушу айтылды

 

Орусиянын эстрада ырчысы Стас Барецкий Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылып, жасалма комада жаткан ырчы МакSимди акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштурууга жардам берүүнү сунуш кылды. Маалыматты аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.

Андагы маалыматта айтылгандай, Барецкий МакSимдин ырларын сүйүп угарын айтып, аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын Москвадагы мыкты көрүстөндөрдүн биринде бекер уюштурууга даяр экендигин билдирген.

"Мен анын ишине чын жүрөктөн суктанам жана анын учурдагы абалына таң калдым. Аны менен бир топ кечелерде жолугушуп, тамашалашып сүйлөшүп калчумун. Бирок каза болгондон кийин эмне кылышты билбей туруп калбаш үчүн мындай нерселер жөнүндө алдын ала ойлонуш керек. Айрыкча көрүстөндөн жакшы жер табууга келгенде. Жанна Фрискедей болбош үчүн баары менен сүйлөшүү туура деп эсептейм", - деген Барецкий.

Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
01.07.2021. 15:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
576
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
30-06-2022 13:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжелика менен Стастын бииир опппокшош жери бар да )))))))... хайпажоры))))))
01.07.2021. 15:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
09-11-2019
Соӊку аракети:
29-06-2022 23:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Максим олдубу ошондо
01.07.2021. 15:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
708
Катталган:
18-10-2016
Соӊку аракети:
30-06-2022 11:41
Жынысы:
Белгисиз
+11
Sancho-, жоок, өлө электе эле көмүп башташты.
01.07.2021. 17:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
09-12-2020
Соӊку аракети:
29-06-2022 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тируу болуп туруп даярдана баштаганго жаныдагы адамдар
01.07.2021. 18:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
20-09-2012
Соӊку аракети:
24-06-2022 10:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
+7
Ииийй, адамды чочутасыңар го. Каза болгон го деген ой келип кетти, теманы окуп алып. Көп жашасын. Мектепте окуп жүргөндө жакшы көрүп уккан ырчым эле. Өлө электе эле эмне көмүп башташкан? Узак өмүр, айыгып кетишин тиленишбейби, көр издешпей, көр табылат бат эле... Аллахым шыпаасын берсин, көп жашасын.
01.07.2021. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
05-11-2019
Соӊку аракети:
29-06-2022 20:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Каза болгонбу же тиги допарастар тирүү кезинде эле даярдык көрүп жатышабы. Максимдин ырлары жакшы эле.
01.07.2021. 22:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
409
Катталган:
03-01-2021
Соӊку аракети:
06-10-2021 09:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироого олум тилебей озуно омур тилесе,ушунчалык сыйласа,омурун тилесин,жай Бир саатта даярдашат.
03.07.2021. 15:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
716
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
30-06-2022 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыгып кетсе экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192524;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: