Москва районундагы Сретенка айылында 26-октябрь күнү үйдөн өрт чыгып, үй ээси жабыр тарткан. Бул тууралуу 28-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 20 чарчы метр аянттагы бөлмөдө эмерек, терезе, эшиктер жана үйдүн чатыры күйүп кеткен. Өрттөн 42 жаштагы Р.Искендеров жабыр тартып, анын денесинин 97 пайызы күйүп, ооруканага жеткирилген. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.