Ош шаарында 25 жаштагы жарандын үйүнүн короосунан ок атуучу курал, жардыруучу зат табылды

Ош шаарында 25 жаштагы жарандын үйүнүн короосунан ок атуучу курал, жардыруучу зат табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош ШИИБине бир ай мурун шаар тургуну 1996-жылы туулган О.Н. үйүнө курал сактай тургандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат боюнча Ош ШИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан бул багытта бир ай бою атайын ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Кечээ, 30-июнда аталган жарандын үйү күбөлөрдүн катышуусунда милиция кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынып, тинтүү учурунда үйүнүн короосунан жардыруучу зат, 16-калибрдеги курал кыскартылган абалда табылган. Алынган куралга жана жардыруучу затка тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан