Москвада 1-июлдан баштап коронавирус инфекциясына каршы кайрадан эмдөө башталды. Бул тууралуу аталган шаардын мэри Сергей Собянинге шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазган.
Мэрдин айтымында, адам биринчи жолу кайсы вакцина менен эмделгенине карабастан Орусияда катталган каалаган вакцина менен кайрадан эмделсе болот.
"Ушул жылдын 1-июлунан баштап, сиз ден соолукту чыңдаган Москва павильондорунун биринде ревакцинациядан өтсөңүз болот. Ал эми 5-июлдан баштап 12 шаардык поликлиникада ревакцинацияга каттоо жүргүзүлөт", - деген Собянин.