Футбол: Тони Кросс мындан ары Германия курамасында ойнобойт

Футбол боюнча Германия курамасынын жана Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун жарым коргоочусу Тони Кросс мындан ары Германия курамасында ойнобойт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 30-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалында Германия Англияга 2:0 эсебинде утулуп калган. Тони Кросс андан талаада 90 мүнөт бою оюн өткөргөн. Бул оюн 31 жаштагы футболчу үчүн эл аралык деңгээлдеги акыркы оюн болгон. Тони Кросс курама командадагы карьерасын аяктоону чечкен жана бул тууралуу жакынкы убактарда кабарлай турганы айтылды.

Тони Кросс Германия курама командасына 2010-жылдан бери чакырылып келет. Улуттук курама команда менен ал 2014-жылы Дүйнө биринчилигин жеңип, андан тышкары 2010-жылы Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси болуп, 2012 жана 2016-жылдары Европа чемпиондугунда үчүнчү орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2021-07-02 09:29:13
Вааай эмне болот эми?
0
Umar7
2021-07-02 10:09:18
Кыргызстанга келип кошул
-1
Dembele84
2021-07-02 11:21:02
Umar7,Ойлонуп анан урдурчу!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан