Биз социалдык тармакта

Депутаттардын эмгек өргүү акчасы боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы түшүндүрмө берди

Мурунку депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын эмгек өргүү акчасы 200, 300 миң сом деп социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Бул боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы эл өкүлдөрүнө эмгек өргүү акысы төлөнбөгөнүн айтып, түшүндүрмө берди.
"Парламенттин депутаттары кечээ эле сессиялык жылын аякташканын белгилейбиз. Жогорку Кеңештин бир дагы депутаты эмгек өргүүсүнө чыккан жок, ошого жараша эмгек өргүүлөрүнө акча которулган жок. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн маалыматты жарыялоого чейин тактап берүүсүн суранабыз", - деди мекеменин маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhunusali
2021-07-01 18:21:33
Тактагандан мурда,отпускнойдон депутаттардын баары тегиз отказ берсин,анан королу!
+8
Real98
2021-07-01 19:13:40
+-250 дөн эсептегенде 30 млн сом болот экен 120 койдун отпуска акысы. 30 млн сомго чек арадан жабыркаган үйлөрдүн 15 ин баардык шарты менен бүтүрүп салса болот. Ойлонолу кичине! Оо бийлик! Октябрьда элдер эмне үчүн көтөрүлүп,эмне үчүн Жапаровду бошотконун унутпагыла! Кандай келсеңер ошондой кетип каласыңар!
+4
Milduri
2021-07-01 19:23:43
Исхак Масалиев өзү деле мурда ошондой алып жүргөн да ошондо неге айтпады? Биз мынча алып атабыз кыскарткыла, аз эле 25 миңдей берсеңер болот десе болмокда, Азыр эми мышык майга жетпей сасык дептир дегендей ичи күйүп атат.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан