Бүгүн, 2-июль - Спорт журналисттеринин майрамы. Спорт прессасынын эл аралык ассоциациясынын демилгеси менен 1955-жылдан бери белгиленип келет. Аталган датанын кабыл алынышы 1924-жылы Париж шаарында Спорт прессасынын эл аралык ассоциациясынын негизделишине байланыштуу.
Бул күнү спорт журналисттери салтанаттуу жыйындарды өткөрүп, алардын арасында мыкты делген журналисттер сыйланышат. Ал эми бул күнү Кыргыз өлкөсүндө спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, спорт журналисттери дене тарбия, спорт жана сергек жашоонун жактоочулары экенин бир гана сөз менен эле эмес, иш менен да далилдей алышат.
SUPER.KG порталы спорт журналисттерин бүгүнкү майрамы менен куттуктайт!
2-июлдун жылнаамасы.