АКШда 3 жашар наристени апасы унаада унутуп калып, ал ысыктан улам каза болуп калган

АКШнын Спартанбург шаарында 3 жашар наристени апасы унаада унутуп калып, ал ысыктан улам каза болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, баланын апасы аны унаага кокустуктан улам унутуп калган.

"Апасы балдарын бала бакчага алып барып жеткирген. Бирок ал 3 жашар баласы унаада калып калганын байкабай калган. Качан гана ал унаанын арткы отургучунда баласы калып калганын көргөндө, укук коргоо органдарына чалган. Алар алгачкы кароодо бала катуу ысыктан улам каза болуп калганын айтышкан.

Аталган шаарда окуя катталган убакта күн катуу ысып жаткан. Полиция баланы бул аял багып алганын, алар өз энесин таап, байланышуу аракетин көрүп жатышканын айтышкан. Ал эми сот бул окуяны кокустук деп баалоодо", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Batken-i-love-you
2021-07-02 23:50:22
Машинеде калганын кандай байкабайт.Бала бакчага да балдарды тарбиячынын колуна тапшырат ко.
+1
nazira...
2021-07-03 01:14:16
Тооба
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан