Роналдунун Инстаграм баракчасына жарнама чыгаруу үчүн канча акча талап кылынат?

Португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун Инстаграм баракчасы жарнама жайгаштыруу үчүн эң кымбат деп табылды. Бул тууралуу рейтингди түзгөн "Hopper HQ" компаниясына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бир пост үчүн италиялык "Ювентустун" чабуулчусу орто эсеп менен 1 миллион 600 миң доллар киреше табат.

Экинчи орунда 250 миллион катталуучусу бар америкалык актёр Дуэйн Жонсондун аккаунту турат. Ал баракчасына бир пост чыгаруу үчүн жарнамачылар ага 1 миллион 52 миң доллар төлөшөт.

Эң кымбат Инстаграм колдонуучуларынын үчилтигин америкалык ырчы Ариана Гранде жапты. Анын профилине жарнама берүү үчүн орто эсеп менен 1 миллион 51 миң доллар талап кылынат.

Буга чейин Криштиану Роналду "Евро-2020" турниринин алкагында өткөн Португалия курама командасынын маалымат жыйынында турнирге демөөрчү болгон Coca-Cola суусундугун столдон алып салып, жыйынтыгында компаниянын акциялары бир нече пайызга түшүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Asmat84
2021-07-02 11:34:44
Биздин Анжелика деле калышпаса керек
-4
mira28
2021-07-02 15:08:56
Asmat84,Ушу Анжеликаны Роналдого тенейсинерби?Роналдонун тырмагынын учуна да тен келбесе керек.Роналдонун дуйнонун бардык бурчунда катталуучусу бар,Анжеликанын 4 5 жалтырак кийими учун катталабы адамдар тушунбойм.
+4
Dembele84
2021-07-02 15:20:00
Asmat84,Ойлончу кичине
+1
Taku.14.02
2021-07-02 15:36:08
Asmat84,жаш баланын шагын сындырбай оба деп койгулачы
+1
Sakubek
2021-07-02 11:53:01
Дегеле реклама корбодум го аккаунтунан
+1
anandi
2021-07-02 19:26:53
Sakubek,бар го только clear шампуньду реклама кылат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан