Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эс-учун жоготкон адамга милиция кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түп районунун тургуну күндүн ысыгынан улам эс-учун жоготуп кулаган.
"Окуя 1-июлда Каракол шаарынын сейил багында түшкө маал орун алган. 31 жаштагы жаран фонтандын жанынан өтүп бара жатып өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп кулаган. Аны Ысык-Көл ОИИБинин туристтик милициясынын эки кызматкери байкап калып, биринчи жардам көрсөтүшүп, дарыгер чакыртышкан. Учурда жарандын абалы жакшы", - деп жазылат маалыматта.