Чүй районунда жарандык никедеги жолдошу аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү Чүй РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Чүй районундагы жайлоолордун биринде аял киши ок атуучу курал менен атынып, өз өмүрүн кыйгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо барган.
Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын денесинде жаракаттар аныкталып, ал 1976-жылы туулган У.Н. аттуу жаран экендигин такталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында, жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын жарандык никедеги жолдошу кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жубайлар жайлоодо малчы болуп иштеп жүрүшкөн. Окуя мас абалында күйөөсү менен аялы уруша кеткенден улам келип чыккан. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.