"Евро-2020": Бүгүн чемпиондуктун 1/4 финалынын оюндары башталат

"Евро-2020" турниринин алкагында 1/8 финалынын матчтарынын жыйынтыгы боюнча, турнирдин чейрек финалына катыша турган командалар аныкталды.

Жалпысынан чемпиондуктун кийинки баскычына сегиз команда чыкты.

Бүгүн, 2-июлдан 3-июлга караган түнү "Евро-2020" турниринин алкагында 1/4 финалдык оюндар башталат.

Чейрек финалынын оюндарынын күн тартиби:

2-июль, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө Швейцария - Испания (Газпром Арена, Санкт-Петербург);

3-июль, Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө Бельгия - Италия ("Allianz-Arena", Мюнхен);

3-июль, Бишкек убактысы боюнча 22:00дө Чехия - Дания (Олимпийский, Баку);

4-июль, Бишкек убактысы боюнча 01:00дө Украина - Англия (Олимпико, Рим).

Эске салсак, Европа Чемпионудугу былтыр, 2020-жылдын жайында өтүшү керек болчу, бирок коронавирус инфекциясына байланыштуу турнир 2021-жылга жылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Beka1986
2021-07-02 10:43:25
Финал Бельгия-Англия болот
-1
Jaraisyn
2021-07-02 11:23:32
Белгия бүгүн түндө турнир менен кош айтышпаса болгону
-1
rysik79
2021-07-02 11:28:08
Дания менен Бельгия ойнойт финалда
-1
patriot.kg94
2021-07-02 11:42:01
Украина мн Швейцария ойнойткен финалда
-2
Beka1986
2021-07-02 14:41:00
Бельгияга ставка коём,ким ойнойт 1000 сомдон
0
Aybiyke
2021-07-02 20:52:47
Beka1986,мен койом да бугунку ойунгабы же чемпиондукабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан