Чүйдүн Аламүдүн районунда белгисиз адам сууга агып бара жатканы 102 кызматына кабарланган. Учурда издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жогорудагы адам Көк-Жар айылындагы каналда агып бара жатканы кабарланган. Анын аты-жөнү такталууда.
Жерине ӨКМдан 9 куткаруучу тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.