UFC'нин жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов мурунку Европа чемпиондуктарынын кайсы жылдагы оюну көбүрөөк жагымдуу болгонун айтты. Ал бул тууралуу Инстаграмдагы "433" социалдык тармагында жарыяланган маегинде билдирген.
Нурмагомедовдун айтымында, ага Греция курама командасы сенсациялуу утуп алган "Евро-2004" айрыкча жаккан.
"2004-жыл. 2004-жыл эсимде. Ал учурда француздардын эң мыкты курамы бар эле. Англия, Португалия жана Италия курама командалары абдан жакшы ойночу. Ушундай мыкты курама командалар артта калып, гректер жеңишке жетишти", - деген Нурмагомедов.
"Евро-2004" титулун, Греция Испания менен Орусияны утуп, Португалияга утулуп, тайпада экинчи орунду ээлеген. Плей-офф баскычында гректер Франция, Чехия жана Португалия командаларын бирдей эсеп менен 1: 0 эсебинде жеңип алышкан.