Алай районунда сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-июль күнү саат 19:00 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен коктулардан келген сел суулар Курманжан-Датка айылында жайгашкан 6 турак үйдүн короолорун каптаган.
Тазалоо иштерине ӨКМдан 3 куткаруучу, 1 жүктөгүч тартылып, саат 20:45те короолор толук тазаланып бүткөрүлгөн.