Токойдогу өрт Канададагы Литтон шаарынын 90 пайызын жок кылды

Токойдогу өрттөн улам буга чейин өлкөнүн рекорддук ысык аба ырайы катталган Канададагы Литтон шаарчасынын 90 пайызы күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирет.

“Адамдар жөн гана үй жаныбарларын, ачкычтарын алып, унаага отуруп, айдап кеткенге үлгүрүштү", - деп Литтондун мэри Ян Полдерман билдирген.

Айрым маалыматтарга ылайык, ысыктан жана шамалдан улам өрт саатына 10, ал тургай 20 чакырым ылдамдыкта жылышы мүмкүн. Аймакта бир жумадан бери нормадан тышкары ысык температура турат. Акыркы 5 күн аралыгында Британия Колумбиясында 486 өлүм катталган.

Литтон Ванкуверден түндүк-чыгышка карай 260 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Бул жерде болжолдуу 250 адам жашайт. Буга чейинки байкоолордо өлкөдөгү эң жогорку температура ушул жерде катталып 49,6 градусту түзгөн. Мындай шартка байланыштуу тургундар тез арада үйлөрүнөн көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2021-07-02 15:08:42
-49 эмес, +49
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан