Таласта электр зымдарынын кыска туташуусунан улам кафеден өрт чыкты

Талас облусунун Кара-Буура районунда кафеден өрт чыкты. Кырсыктын келип чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгонун ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мекемеден билдиришкендей, өрт 1-июль күнү эртең менен чыккан. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 08:39да чектөөгө алынып, саат 09:13тө толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен темир жабылган кафенин 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Жабыркагандар жок экенин кошумчалашты мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан